ОШМУ СПОРТТУК МЕЛДЕШТЕ 1-ОРУНДА
- 24.05.2021
- 0
ОшМУнун базасында өткөн Ош облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун спартакиадасында ОшМУ 1-орунду ээледи.
Мелдешке Ош шаарында жайгашкан беш жогорку окуу жайы катышып, спорттун жети түрү боюнча ат салышышты. Жыйынтыгында жалпы командалык эсеп менен 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду Ош технологиялык университетинин, 3-орунду Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин командалары ээледи.
Жеңишке жеткен ОшМУнун командасы дээрлик бардык оюндарда 1-орунду багындырды:
Волейбол (агайлар) — 1-орун;
Волейбол (эжейлер) — 1-орун;
Шахмат (агайлар) — 1-орун;
Шахмат (эжейлер) — 1-орун;
Тогуз коргоол (агайлар) — 1-орун;
Тогуз коргоол (эжейлер) — 1-орун;
Стол теннис (агайлар) — 2-орун;
Стол теннис (эжейлер) — 1-орун;
Ордо (агайлар) — 1-орун;
Футбол (агайлар) — 1-орун;
Стритбол (агайлар) — 1-орун.
Комментарийлер