ОШМУ СПОРТЧУ АЛТЫНАЙДЫН АПАСЫ ҮЧҮН 300 000 МИҢ СОМ КАРАЖАТ ТОПТОДУ

  • 09.02.2021
  • 0
ОШМУ СПОРТЧУ АЛТЫНАЙДЫН АПАСЫ ҮЧҮН 300 000 МИҢ СОМ КАРАЖАТ ТОПТОДУ

ОшМУда 8-февраль “Кайрымдуулук күнү” деп жарыяланып, Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, жабык имаратта өткөн Азия оюндарынын чемпиону, Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүсү, алыш жана эркин күрөш боюнча чебер Мамарасул кызы Алтынайдын апасы үчүн кайрымдуулук акциясы өттү.

ОШМУ СПОРТЧУ АЛТЫНАЙДЫН АПАСЫ ҮЧҮН 300 000 МИҢ СОМ КАРАЖАТ ТОПТОДУ

Кайрымдуулук иши окуу жайдын башкы имаратында башталып, бардык факультет, колледждерде уланды. Университеттин жамааты жигердүү катышып, 300 жүз миң сомго жакын каражат чогултуп, Алтынай Мамарасул кызына тапшырышты. Мындан сырткары окутуучулар спортчунун электрондук эсептерине да каражат которуп жатышат.

ОШМУ СПОРТЧУ АЛТЫНАЙДЫН АПАСЫ ҮЧҮН 300 000 МИҢ СОМ КАРАЖАТ ТОПТОДУ

Буга чейин социалдык тармактарда Алтынай “Апамдын боорун алмаштыруу зарыл. Ал үчүн өзүм донор болууну чечтим. Мен күрөш менен коштошпойм, машыктыруучу болуп спорттук жолду улантам» — деп билдирген.

ОШМУ СПОРТЧУ АЛТЫНАЙДЫН АПАСЫ ҮЧҮН 300 000 МИҢ СОМ КАРАЖАТ ТОПТОДУ

Спортчунун апасын Индияда дарылоо үчүн 35 000 АКШ доллары сарпталары айтылган. Кайрымдуулук иштери уланууда.
Спортчу Алтынайдын апасына жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү электрондук капчыктарга которсо болот:

СБЕРБАНК: 2202201289901528
ЭЛСОМ: 0507 27 97 07
BALANCE: 0776 30 40 503

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер