ОШМУ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАГЫ БИР НЕЧЕ ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 13.10.2021
  • 0

11-октябрда  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү окуу жайларда болуп, жетекчилер менен жолугушту. Алгач шаардагы ири окуу жай аталган Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде болуп, алдыдагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү. Жыйынтыгында жакынкы күндөрү эки тараптуу кызматташуу боюнча келишим түзүүгө макулдашылды.

Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде да болду. Окуу жайдын ректору  Игорь Максимцев менен кызматташуу жана алдыдагы перспективалык пландар туурасында сүйлөштү. Университетти жакындан тааныштыруу максатында чакан экскурсия уюштурулуп, презентациялар жасалды. Соңунда тараптар кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург мамлекеттик өнөр жай технологиялары жана дизайн университетинде да болуп, окуу жайдын ректору Алексей Демидов менен жолугуп, кызматташууну өркүндөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Аталган окуу жай менен ОшМУ 2019-жылдын 20-мартынан бери кызматташып келет.

12-октябрда ректор Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык жана Балтика мамлекеттик техникалык университетинде да болуп, бир катар  келишимдерге кол койду.

Бөлүшүү

Комментарийлер