ОШМУ ПРИВОЛЖСК МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 18.05.2020
  • 0

Ош мамлекеттик университети Россиянын Нижний Новгород шаарында жайгашкан 100 жылдык тарыхы бар Приволжск медициналык изилдөө университети менен кызматташат.

ОШМУ ПРИВОЛЖСК МЕДИЦИНАЛЫК ИЗИЛДӨӨ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Эки тарап кызматташуу жолдорун видеоконференция аркылуу талкуулашты. Негизинен окуу жайлардын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк, практика өтүүнү уюштуруу, биргелешкен билим берүү программалары жана кош дипломдуулук программасын ишке ашыруу, онлайн жана конок лекцияларды өткөрүп туруу, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү ж.б. конкреттүү пункттарды камтыган жол картасын түзүү боюнча макулдашышты.

ПМИУ тарабынан ректор Николай Карякин, биринчи проректор Ирина Клеменова, окуу иштери боюнча проректор Елена Богомолова, илимий иштер боюнча проректор Анна Благонравова, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Тамара Бардинская, ОшМУдан ректор Кожобеков Кудайберди баштаган бир топ жетекчилер, декандар катышты.

Алгач Кудайберди Гапаралиевич кесиптештерине университет, анын тарыхы, багыттары, рейтинги, эл аралык байланыштары ж.б. туурасында кыскача маалымат берип, учурда ОшМУнун бир нече студенттери Россиянын окуу жайларында окуп жаткандыгын, Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылына карата өнөктөш окуу жайлар менен көптөгөн иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, кызматташуу ниетин билдиргендиги үчүн ПМИУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Ректорат өкүлдөрү студенттердин жана клиникалык ординатурада жүргөн медициналык кызматкерлердин ортосунда кыска жана узак мөөнөттүү тажрыйба алмашууларды жүргүзүү, модулдук жана циклдык окууларды уюштуруу, кош дипломдуулук программасын жана биргелешкен билим берүү долбоорлорун реализациялоодо дистанттык технологияны колдонуу, Россиянын фундаменталдык изилдөөлөрдү колдогон фонддору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги колдогон долбоорлорго карата биргеликте заявкаларды тапшыруу, биомедицина, хирургия, гинекология, стоматология ж.б. багыттар боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, ПМИУнун Web of science, Scopus базасына кирген илимий журналында макалаларды чыгаруу ж.б.у.с. актуалдуу иш-аракеттерди карап чыгышты. Мындан тышкары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууда юридикалык жана финансылык бир топ маселелер бар экендигин, бирок аларды акырындык менен чечсе боло тургандыгын белгилешти.

Соңунда жетекчилер уюшулган жыйын кызматташуунун башталышынын алгачкы кадамы болгондугун, мындан ары тийиштүү кызматкерлер бири-бири менен тыгыз байланышып, жол картада көрсөтүлгөн иш-чараларды деталдуу талкуулап, иш алып бара тургандыктарын билдиришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер