ОШМУ ОНСЕКИЗ МАРТ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 22.06.2022
  • 0

Түркиянын Чанаккале шаарындагы Онсекиз Март университетинин англис тилин окутуу кафедрасынын доценти Куршат Жесур иш сапары менен ОшМУга келип ректор Кудайберди  Кожобековдун кабыл алуусунда болду. Жолугушуунун алкагында эки окуу жайдын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

ОШМУ ОНСЕКИЗ МАРТ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТИш сапардын алкагында Куршат Жесур эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев менен дагы жолугушуп, пикир алышты. Анда “Сертификат” тил үйрөтүү платформасын ОшМУда ишке ашырууга, окутуучулар үчүн тренингдерди, студенттер үчүн курстарды өтүүгө кызыктар экендигин билдирди. Күндүн экинчи жарымында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы Рахат Сагындыкова менен жолугушуп, кызматташуу аракеттерин талкуулады.

Онсекиз Март университети Чанаккале шаарында 1992-жылы ачылган. Учурда  46 факультет жана колледждери, 41 изилдөө борбору, 4 институту, 12 кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси бар.

ОшМУ Түркиянын 50дөн ашуун окуу жайы менен кызматташып келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер