ОШМУ МЕНЕН ФЕРМУНУН ОКУМУШТУУЛАРЫ БИРГЕЛЕШКЕН ИЛИМИЙ ЭКСПЕДИЦИЯ УЮШТУРУШТУ
- 05.08.2026
- 0
Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы менен Фергана мамлекеттик университетинин (ФерМУ) Табигый илимдер факультетинин зоология жана жалпы биология кафедрасынын окумуштуулары Кемпир-Абад суу сактагычынын бассейнине биргелешкен илимий экспедиция уюштурушту. Изилдөөнүн натыйжасында аталган аймактан балыктын 14 түрү аныкталды.
Илимий сапар 30-июлдан 4-августка чейин созулуп, ага эки жогорку окуу жайдын адистери катышты. Алардын катарында биология илимдеринин кандидаты, доцент Абдиманнап Абдыкааров, PhD докторант Фатима Маткеримова, биология илимдери боюнча философия докторлору (PhD) Бахтиор Шералиев, Оббосхон Азамов жана PhD докторанттар Муроджон Рахмонов, Шарофиддин Халимов бар.
Талаа изилдөөлөрү суу сактагычка куйган негизги дарыялардын — Куршаб, Кара-Дарыя, Жазы, Зергер жана Көлдүк дарыяларынын төмөнкү агымдарында жүргүзүлдү. Муну менен катар, Diptychus maculatus (тактуу кабыршактуу осман) түрүнүн таксономиялык статусун тактоо максатында Жазы дарыясынын жогорку агымында жана Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында кошумча ихтиологиялык байкоолор жасалды.
Экспедиция учурунда аныкталган эки балык түрүнүн таксономиялык өзгөчөлүктөрүн тактоо үчүн молекулярдык-генетикалык изилдөөлөргө үлгүлөр алынды. Алар алдыда лабораториялык шартта толук изилдөөдөн өтөт. Окумуштуулардын маалыматына таянсак, табылган 14 түрдүн тизмесине Кемпир-Абад суу сактагычында кеңири таралган кадимки сазан, ак толстолобик жана кылыч балык кирген эмес.
Иш-чаранын соңунда эки университет ихтиология жана биоартүрдүүлүктү изилдөө багытындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүү боюнча макулдашууга келишти. Алдыда биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, докторанттардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жана эл аралык илимий журналдарга биргелешкен макалаларды жарыялоо пландалууда.
Бул экспедициянын негизги максаты — аймактагы дарыяларда жашаган балык түрлөрүнүн ар түрдүүлүгүн изилдеп чыгуу жана алардын азыркы абалына илимий баа берүү болуп саналат.
А.К., «КБ»


Комментарийлер