ОШМУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

  • 08.09.2023
  • 0

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде “Elsevier” эл аралык илимий-изилдөөчүлүгүнө жазылууну сатып алуу боюнча консорциумга кирген Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ректорлорунун жыйыны болуп өттү.

ОШМУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Жолугушуунун жүрүшүндө “Elsevier” менен Кыргызстандагы ЖОЖдордун консорциумунун провайдери катары Ош мамлекеттик университетинин ортосунда меморандумга кол коюлду.

«Elsevier» эл аралык маалыматтар базасынын Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча аймактык башчысы Дамир Рахметов катышуучуларга тренинг өттү. Андан сырткары Борбор Азия жана Азербайжан боюнча консультанты Рабига Хожамкул,  Борбордук Азия жана Россиядагы Elsevier компаниясынын аналитикалык чечимдер боюнча консультанты Кирилл Иванов ректорлор үчүн эл аралык журналдарда макалаларды жарыялоо, Scopus маалымат базасы менен иштөө боюнча маалымат берди.

ОШМУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Консорциумга: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик мендициналык академиясы, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Ош мамлекеттик университети,  К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети,  Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Баткен мамлекеттик университети,  АДАМ университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети,  “Салымбеков” университети,  Кыргыз-Түрк “Манас” университети мүчө болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер