ОШМУ КОРЕЯНЫН АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 07.02.2022
  • 0

Кореянын Кюнгил университетинин эл аралык ишмердүүлүк борборунун кызматкери Ли Чанг Хун ОшМУга иш сапары менен келди. Аны ректор Кудайберди Кожобеков кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун перспективалык пландарын талкуулашты. 

ОШМУ КОРЕЯНЫН АЛДЫҢКЫ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ыктыярчыларды жиберүү жана кабыл алуу, окутуучуларды квалификацияны жогорулатуу курстарынан жана стажировкадан өткөрүүгө шарттарды түзүү, Кореяга тил үйрөнүү курстарына студенттерди жөнөтүү, Кюнгил университетине корей тили багытында окуган студенттерди гана эмес, башка адистиктердин студенттерин да жиберүү, биргелешкен билим берүү жана кош дипломдуулук программаларын иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Чанг Хун мырза жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сунуштарды колдой тургандыгын айтып, өзү иштеген университеттин стипендиялык программаларына жана бюджеттик орундарына ОшМУнун студенттерин катыштырууга аракет жасай тургандыгын кошумчалады.

Кюнгил университети 1963-жылы негизделген. Өлкө рейтингинде 269 окуу жайдын ичинен Сеул улуттук университетинен кийинки 11-орунда турат. Учурда ОшМУ менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер