ОШМУ КОЛ КОЙГОН КЕЛИШИМДЕР

  • 01.04.2019
  • 0

Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумунда ОшМУ   Россиянын бир катар ЖОЖдору менен кызматташуу келишимине кол койду.

ОШМУ КОЛ КОЙГОН КЕЛИШИМДЕР

«Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция» аттуу Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумуна  Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков Казань федералдык университетинин ортосундагы өз ара кызматташууу тууралуу меморандумга, Байкал мамлекеттик университети, Воронеж мамлекеттик университети, Мари мамлекеттик университети, Сибир федералдык университети, Москва физика-техника университети, Владимир мамлекеттик университети, Нижегород мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Урал федералдык университети, Кемеровск мамлекеттик университети менен да эки тараптуу өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койду.

Буга чейин  ОшМУ Россиянын 33 жогорку окуу жайы менен кызматташып, окутуучулар, студенттер, магистранттар академиялык мобилдүүлүк программаларынан өтүп келишсе, форумдун алкагында дагы  15 жогорку окуу жайы менен кызматташуу келишимдерине кол коюлуп, кызматташуунун алкагы кеңейди. Учурда ОшМУнун 18 студенти, алардын ичинен төрт магистрант Россиянын ЖОЖдорунда академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер