ОШМУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ  

  • 17.04.2018
  • 0

ОшМУда  экономика, менеджмент, юриспруденция, лингвистика, теология, социалдык иштер жана дизайн багыттары боюнча 10 баклавриат, 7 магистрдик программаларды EdNet аккредитациялык агенттиги көз карандысыз аккредитациядан өткөрүүнү баштады. Агенттиктин эксперттери төрт класстерде иш алып барууда. Эксперттик курамда чет элдик (Түркия, Казахстан) эксперттер, Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан, академиялык эксперттер, жумуш берүүчүлөр жана жарандык коомдун өкүлдөрү, студенттер бар.

EdNet аккредитациялык агенттигинин эксперттери учурда программаларды өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, кафедра башчылары менен жолугушууларды өткөрүшүп, документтерди кароо менен иш алып барууда.

Эксперттик комиссия бир жума аралыгында материалдык-техникалык база менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшмөкчү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер