ОШМУ ИЛИМИЙ ИШТЕР БОЮНЧА ЖОЖДОР АРАСЫНДА 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

  • 16.11.2020
  • 0

Сыйлык 12-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн салтанаттуу иш-чара тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл жогорку окуу жайлардын, илимий изилдөө органдарынын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча бир нече жогорку окуу жайларга сыйлыктарды тапшырды.

Жогорку окуу жайлардан Ош мамлекеттик университети I даражадагы диплом менен сыйланды. II даражадагы диплом менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, III даражадагы диплом менен К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер