ОШМУ ХУАВЭЙ КОМПАНИЯСЫ МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

  • 28.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университети “Хуавэй Текнолоджиз Бишкек” компаниясы менен кызматташуу келишимине кол койду. Тараптар келишимде маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө санариптик экономика/трансформация, акылдуу/коопсуз шаар, интеллектуалдык өндүрүш, интернет, МКТ инфраструктурасын жана 5G тармактарын өнүктүрүү багыттары боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоону макулдашты. Ошондой эле келишимде бирдиктүү технологиялык экосистеманы жана адистердин коомун түзүү жана өнүктүрүү каралган.

Тараптар биргелешкен маркетинг жана PR иш-чаралары жаатында мындан аркы стратегиялык кызматташууну да макулдашты.

“Хуавэй Текнолоджиз Бишкек” компаниясы Кыргызстанда 1998-жылдан бери иштейт. Компания Кыргызстандагы “Альфа Телеком” жабык акционердик коому, “Скай Мобайл” жоопкерчилиги чектелген коому, “Нур Телеком” жоопкерчилиги чектелген коому менен кызматташат.

Бөлүшүү

Комментарийлер