ОшМУ ХАНЬКОУ ИНСТИТУТУ МЕНЕН “2+2” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШАТ

  • 15.10.2021
  • 0
ОшМУ ХАНЬКОУ ИНСТИТУТУ МЕНЕН “2+2” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КЫЗМАТТАШАТ

Эки окуу жайдын ортосунда ишке ашып жаткан “2+2” программасы боюнча келишимге 15-октябрда ОшМУдан ректору Кудайберди Кожобеков жана Кытайдагы Ханькоу институтунун ректору Луо Айпин мырза онлайн жолугушууда кол койду. 

“2+2 ”программасы филология багытында кытай тили жана англис тили боюнча кош диплом берүү долбоору.

Жолугушууда “2+2” программасын аяктаган студенттер Кыргызстан жана Кытайдын ортосундагы достук, кызматташуу мамилерин чыңдоого салым кошорун белгилешти.

Учурда ОшМУ дүйнөнүн 400дөн ашуун жогорку окуу жайлары жана 100дөн ашуун эл аралык уюмдар менен кызматташып келет. 2020-2021-окуу жылында Россиянын жети жогорку окуу жайы менен “2+2” кош диплом берүү программаларына кол койду, азыркы учурда бакалавр баскычындагы студенттер бул программа боюнча билим алып жатышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер