ОШМУ: ГИМНАЗИЯНЫН ҮЧ ОКУУЧУСУ ОЛИМПИАДАГА КАТЫШАТ
- 29.02.2024
- 0
Ош шаарындагы У.Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинде республикалык олимпиаданын облустук этабы өттү.
Олимпиадага ОшМУнун “Кара-Суу” гимназиянын төрт окуучусу катышып, алардын үчөө республикалык олимпиадага жолдомо алды. Алсак, 11-класстын окуучусу Бегимай Анарбаева орус тили предмети боюнча 1-орунду, математика предмети боюнча 11-классынын окуучусу Эрмек Орозбаев жана химия предмети боюнча 9-классынын окуучусу Гүлпери Жуматаевалар 2-орунду ээледи.
Ийгилик жараткан окуучуларды химия сабагынан Аскар Садиков, математикадан Абдилабал Тайтокур уулу, орус тилинен Элина Алмазбек кызы, физика предметинен Райкан Абдимиталип кызы даярдады.
ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясында химия, математика, физика предметтери боюнча тереңдетилген билим берилет. Буга чейин үч окуучусу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгон.
Облустук этапта жеңишке жеткен 34 окуучу 17 багыт боюнча олимпиаданын республикалык баскычына катышат.
Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»
Комментарийлер