ОШМУ “Elsevier” МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 06.03.2019
  • 0

ОшМУ 2024-жылга чейин дүйнөлүк университеттердин ТОП-700нүн катарына кирүүгө белсенүүдө. Буга ылайык “ОшМУ классикалык университеттен – изилдөөчү инновациялык университетке карай” деген аталыштагы 2024-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясын кабыл алган. Анын негизги багыттарынын бири дүйнөлүк масштабдагы басылмалар менен кызматташуу болуп саналат. Бул кызматташтыкты күчөтүү максатында ОшМУга Орто Азия жана Азербайжан боюнча “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын аймактык директору Алия Оспанова жана Орто Азия жана Россия боюнча илимий изилдөө чечимдери боюнча багыттын жетекчиси Дмитрий Султанов 5-мартта келди.

ОШМУ “Elsevier” МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Алия Оспанова жана Дмитрий Султанов алгач университеттин ректору Каныбек Исаков менен жолугушуп, университеттин 2024-жылга чейин кабыл алынган концепциясы, дүйнөлүк университеттердин ТОП-700 кирүүгө карата көрүлүп жаткан аракеттер боюнча баарлашышты.

ОШМУ “Elsevier” МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Андан соң профессордук-окутуучулук курам менен жолугуп “Кыргызстандын университеттерин атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатуу жана алардын эл аралык рейингдерге кирүүсү” деген темада семинар өттү. Анда илимий макалаларды туура жазуу, адабияттардын шилтемелеринин ири бирдиктүү Scopus маалымат базасы менен иштөө боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле университеттин дүйнөлүк рейтинге кирүүсүндө аткарылуучу алгылыктуу жумуштар, “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасына катталуунун жолдору, Scopus маалымат базасы боюнча кеңири түшүнүк беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер