ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

  • 22.02.2023
  • 0

Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан таанылган Imperial English компаниясынын директору Говинд Десаи ОшМУда болуп, окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Руслан Арапбаев менен жолукту.

ОШМУ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЙДУ

Жолугушууга Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов жана аталган факультеттин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын башчысы Райкан Ысмаилова да катышты. Анда Говинд Десаи Imperial English компаниясынын курстары тажрыйбалуу практиктер тарабынан иштелип чыккандыгын жана эл аралык стандарттарга жооп берерин белгиледи. Бул программада студенттерди окутуу бир топ жеңил болорун, деңгээлдер боюнча жети китеби жана атайын англис тилин үйрөтүүчү санариптик колдонмолору бар экендигин кошумчалады. Курсту окуган студенттерге китеп жана колдонмолор кошо берилерин, студенттерге билим берген окутуучулар акысыз окуулардан өтөрүн айтты.

Курстун аягында сертификаттар тапшырылып, каалоочулар үчүн Улуу Британияга тил билүү деңгээлин жогорулатуучу эки жумалык, бир айлык турлар да уюштурулмакчы.

Imperial English компаниясы менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Эми меморандумдун алкагында эки тараптан тиешелүү адистер иш алып барат. Говинд Десаи ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, IELTS тренерлери менен кызматташуунун багыттары боюнча жолугушууларды өткөрдү.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер