ОшМУ: бешинчи лаборатория курулат
- 21.05.2025
- 0
Синьцзян университетинин экинчи клиникалык ооруканасы менен ОшМУнун медборборунун ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Эки окуу жайдын илимий-изилдөө жаатындагы байланыштарынын алкагында бешинчи лабораторияны куруу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтүп, тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Сүйлөшүүлөр Кытайдын Синьцзян шаарында өткөн эл аралык саммиттин алкагында орун алды. Бул демилге заманбап технологияларды киргизүүгө, эки тараптын илимий потенциалын бекемдөөгө жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле дарыгерлердин тажрыйба алмашуусу, ординаторлордун академиялык мобилдүүлүгү, адистерди даярдоону жакшыртуу боюнча да келишимдер түзүлдү.
Сапардын жүрүшүндө Синьцзян университетинин ректору Ян Синьлиньге медицина жана билим берүү тармагына кошкон олуттуу салымы үчүн «ОшМУнун эмгек сиңирген кызматкери» наамы ыйгарылды.
Бул кызматташтыктар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, медициналык билим берүү, илим изилдөө жаатында карым-катышын арттырат.
Комментарийлер