ОШМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА

  • 15.03.2018
  • 0

 Ош мамлекеттик университетинин делегациясы 13-март күнү Чехиянын Плзень шаарында жайгашкан Батыш Чех университетинде болду.

ОШМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА

Университеттин ректору, профессор Каныбек Исаков жетектеген делегация буга чейин кызматташтыкта болуп келген Батыш Чех университетинин ректору менен жолугушту. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы өз ара кызматташтыктар тууралуу сөз болду.

Делегация Батыш Чех университетинин философия, искусство,    электр энергия, инженердик жана  лингвистика факультеттеринде болуп, билим берүү программалары, билим алууга түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты. Ошондой эле бир топ программалар менен өз ара кызматташуу тууралуу келишимдерге кол коюшту.

ОШМУ БАТЫШ ЧЕХ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУДА

ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдерге 2017-жылы кол коюлган. Бул келишимдерге ылайык октябрь айында Батыш Чех университетинин философия жана искусство факультетинин деканы, Павел Варжека жана декандын орун басары Давид Шанц ОшМУга иш сапары менен келип, тиешелүү факультеттерде конок лекцияларды өтүп кетишкен. Ал эми ОшМУнун 10 студенти Батыш Чех университетинен, Батыш Чех университетинин 8 студенти ОшМУдан  1 айлык окуудан өтүштү.

Батыш Чех университети II Дүйнөлүк согуштан кийин ачылып, учурда 9 факультетте 13 миңден ашык студенттер билим алышат. Чет өлкөлөрдөн келип, түрдүү гранттык программалардын негизинде билим алып жаткан студенттердин саны  10%дан жогору.

Бөлүшүү

Комментарийлер