ОШМУ БАЙГЕ ФОНДУ 60 000 СОМДУК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 04.04.2020
  • 0

Конкурс аралыктан билим алуунун технологияларын студенттерге жайылтуу, өз алдынча билим алууга үндөө, студенттик тайпаларда он-лайн жана дистанттык байланышты күчөтүү максатында уюштурулууда. 

ОШМУ БАЙГЕ ФОНДУ 60 000 СОМДУК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ

Ага ОшМУнун бардык факультеттери, коллеждеринин тайпалары катыша алат.

Конкурстук видеонун мазмунуна төмөнкүдөй талаптар коюлган:

— “Аралыктан билим алабыз” деген аталыштагы 5-7 минуталык видео (видео студенттердин жеке мобилдик телефондорунда үй шартында тартылгандыктан, мазмунуна гана баа берилет);

— Видеого тайпадагы студенттердин максималдуу санда катышуусу, кураторлордун жана предметтик мугалимдердин катышуусу;

— Видеонун мазмунунда студенттерди аралыктан билим алууга, өз алдынча билим алууга үндөөчү маалыматтардын болушу;

— Аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен өтүлүп жаткан сабактардын фрагменттеринин болушу;

— Студент үчүн аралыктан окуп-үйрөнүүнү өз алдынча уюштуруп алууга кеңештердин болушу.

Конкурстун видео материалдары 2020-жылдын 19- чейин +996773697044 WhatsApp номери же  [email protected] электрондук почтасы аркылуу кабыл алынат.

        Конкурстун байге фонду 60 000 сомду түзөт. 

1-орунга  25 000 сом.

2-орунга  15 000 сом

3-орунга  10 000 сом каралган.

Кызыктыруучу сыйлыктарга 10 000 сом бөлүнгөн.

Калыстар тобу ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынан, жергиликтүү медиа кызматкерлерден, интернет блогерлеринен, коомдук активисттерден түзүлөт.

Мыкты деп табылган видеолор ОшМУнун Үмүт телестудиясынан эфирге берилет, Үмүт ТВ Ютуб каналына жайгаштырылат, ОшМУнун видеолору архивине алынат. Социалдык тармактардан таркатылат.

       Сурап билүү үчүн +996775220596 WhatsApp номерине жазууга болот.

Конкурс Ош мамлекеттик университетинин ректорунун колдоосунда Социалдык жана тарбия департаменти тарабынан уюштурулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер