ОШМУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

  • 21.02.2021
  • 0

Ош мамлекеттик университетинде 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган “Тил – улуттун жүзү” аттуу эл аралык иш-чара уюштурулду.

ОШМУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Университеттин короосунда Ош шаарындагы түрдүү улуттардын улуттук маданий борборлорунун маланий мурастары, кол өнөрчүлүгү, баалуулуктары чагылдырылган көргөзмө, окуу жайдын факультет, колледждеринин арасында уюштурулган кароо-сынактардын жыйынтыгында мыкты деп табылган факультеттердин акыркы жылдарда жарык көргөн эмгектеринин көргөзмөсү коюлду.

ОШМУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Майрамдык салтанатка карата уюштурулган кароо-сынактын мыктылары, университетте окутулуп жаткан (кыргыз, орус, өзбек, англис, немец, түрк, кытай, корей)  тилдерде ар бир улуттун эне тили ыр, бий, көркөм окуулар аркылуу даңазаланды. Кыргыздын баалуу мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, мамлекеттик тилдин гимни хор ырдалды.

Салтанатка Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, Ош шаарындагы диаспоралардын, маданий борборлордун өкүлдөрү, акын-жазуучулар, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты.

ОШМУ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Жыйынтыгында майрамдык иш-чарада активдүү катышкан факультет, колледждер, таланттуу студенттер университеттин дипломдору, сертификаттары, акчалай сыйлыктары, ыраазычылык баракчалары менен сыйланды.

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган иш-чара Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын демилгеси менен уюштурулду.

1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.

Бөлүшүү

Комментарийлер