ОШМУ АЙМАКТАРДА ҮЧ МЕКТЕП АЧАТ  

  • 26.04.2018
  • 0

Ош мамлекеттик университети аймактарды өнүктүрүү жылына карата түштүк аймактагы Кара-Кулжа, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда бирден мектеп-гимназия ачат. Окуу жайдын ректору жума башында тиешелүү айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү жетекчилери менен жолугушуп, келишимге кол коюшту.

ОшМУ бул райондордо заманбап окуу инфраструктурасын түзүп, так жана табигый, гуманитардык илимдерди тереңдетип окутууга басым жасап, ар тараптуу шарттарды түзүп берет. Заманбап билим берүүгө басым жасайт. Окутуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша түрдүү ийримдерди, искусство жана маданиятты терең өздөштүрүүгө шарт түзүүчү клубдар иш алып барат.  Мектеп-гимназиялар заманбап билим менен улуттук таалим-тарбияга, бийик адамгерчиликке тарбиялоого басым жасайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер