ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

  • 24.11.2022
  • 0

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин магистратура бөлүмү магистрдик программасынын  багыттарын  даярдоого лицензия алуу жана жалпы ишмердүлүгүнө баалоо  жүргүзүү үчүн беш багыт боюнча  акредитациядан өттү.

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Аккредитациялоо 21-22-ноябрда “Билим-стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлүп, жети адистен турган комиссия атайын баалоонун тартибине ылайык алгач окуу жайдын материалдык-техникалык базасы, түзүлгөн шарттар, жатакана, ашкана менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле комиссия мүчөлөрү университеттин жетекчилиги, окутуучулары, магистранттар, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлүк тараптар менен маек курушуп, ишмердүүлүк боюнча сурамжылоо жүргүзүштү. Андан соң жалпы иш кагаздарды текшерүүдөн өткөзүшүп, жыйынтыгында комиссиянын чечими менен магистрдик программанын төмөнкү беш багыты боюнча адистерди окутуп, даярдоого беш жылдык мөөнөткө уруксаат берилди.

  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;
  • 550700 – Педагогика;
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;
  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.

ОшМПУнун МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТТҮ

Белгилей кетсек магистратура — белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   2021-жылдын  29-мартындагы  №335/1   буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  берилип, магистрдик программанын  багыттарын  даярдоого уруксат берилген:

Даярдоонун  багыты  боюнча  ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган  адистерди  жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын  окутуп үйрѳтѳт.

Магистратурада  педагогикалык багыттагы  адистерди  кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер)  менен биргеликте  негизги кесиптик билим берүү  программасынын  негизинде,  жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын  мазмунуна ылайык  даярдалат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер