ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНДЕ ОЛИМПИАДА ӨТТҮ

  • 28.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинин англис тили жана орус тили адистигинде билим алып жаткан студенттеринин ортосунда олимпиада өттү.

Иш-чара дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жыл сайын өткөрүлүп келет. Максаты студенттердин билимин тереңдетүү жана ага болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат жана ЖОЖдор ортосунда, шаардык, республикалык жана эл аралык олимпиадаларга катыштыруу багытын көздөйт. Ошондуктан Колледждин окутуучулары өздөрү берген билимден сырткары да бир топ борборлор жана ыктыярчылар менен тыгыз байланышта иштеп, студенттердин билимин тереңдетүүгө, өркүндөтүүгө аракет кылышат.

  • Олимпиадага катышуу үчүн студенттерге чек жок. Өз билимине ишенген бардык каалоочулар катышып, билимин сынашат. Арасында англис тилинен да, орус тилинен да катышкандар бар, — дейт кафедра башчысы Гүлсара Сарыбашева.

Белгилей кетсек, олимпиадага жакындан демөөрчүлүк кылган — “Америка билим берүү” борбору. Аталган борбордо Колледж бөлүмүнүн базасында ачылып, англис тилин үйрөнүүгө кызыкдар болгон студенттер билим алышат. Борбордо чет өлкөлүк ыктыярчы Джон студенттердин кеп практикасын өнүктүрүү максатында Talking club жана эки айлык тил курстарын өттү. Олимпиадага да жакындан колдоо көрсөттү. Дүйнөлүк тилдер кафедрасы мындан сырткары эл аралык билим берүү долбоорлору менен тыгыз иш алып барат жана алдыда дагы бир топ иштер пландалууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер