ОшМПУнун 24 ОКУТУУЧУСУ КАЗАНДА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

  • 06.02.2023
  • 0

ОшМПУнун 24 ОКУТУУЧУСУ КАЗАНДА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия жана музыка адистиги боюнча 24 окутуучусу Казань федералдык университетинин Елабуга институтуна  барып, өз квалификациясын жогорулатуу менен тажрыйба алмашып кайтышты.

ОшМПУнун 24 ОКУТУУЧУСУ КАЗАНДА КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИГИН ЖОГОРУЛАТТЫ

Ага ылайык окутуучулар 11-январдан 27-январга чейин атайын курстан өтүп, түрдүү семинар-тренингдерге катышуу менен жаңы инновациялык методдорду үйрөнүштү. Мында Елабуга институтунун окутуучулары музыка, педагогика, психология багытында интерактивдүү сабактарын өтүп, өздөрүнүн окутуудагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Эки жума бою улам жаңы маалыматтарды алып, жаңы усулдарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алган окутуучулар бул сапарды абдан ийгиликтүү болгонун белгилешти.

“Биз барганда алгач институттун өкүлдөрү  кичипейилдиги, сылыктыгы менен жылуу тосуп алышты. Сабактар өтө пунктуалдуу өтүлүп, кечигүү жокко эсе болду. Заманбап санариптештирүүнү сабакта колдонуунун бир топ жаңы үлгүлөрү менен тааныштык. Аны менен катар бала бакчаларга, мектептерге  барып, эл аралык музыкалык жетекчилердин региондор боюнча аткарган кызматы менен таанышып чыгууда, абдан көп идеялар жаралды. Көп сандагы окутуучуларга шарт түзүп, бардык чыгымдарды көтөргөн окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык айтам, — деди Жамийла Усубалиева.

27-январда курс жыйынтыкталып, окутуучуларга квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарды тапшыруу аземи  болду. Мында кыргыз элинин маданиятын даңазалоо максатында фольклордук концерт коюлуп, кыргыз жана татар элинин биргелешкен концерттик программасы аткарылды.

Ч.К. “КБ”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер