ОшМПУда УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮНӨ КАРАТА ДЕКАДА БАШТАЛДЫ

  • 08.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Колледжинде 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата “Акпай калды деңиз болчу мөл булак, жанбай калды өчпөй турган шам чырак” аталышындагы адабий кече болуп өттү.  

Аталган кече башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан 6-декабрдан 12-декабрга чейин пландалган «Түбөлүктүүлүк сапарында жашаган адабият алптарынын сөз кереметине ширелишкен көркөм дөөлөттөрү» аттуу декаданын алкагында кафедранын окутуучусу Эртөштүк Жумабаевдин жетекчилиги астында Бк-21к3 тайпасы менен биргеликте уюштурулган.  Мында студенттер адабияттын алптары болгон Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан көрүнүш аткарып, Алыкул Осмоновдун чыгармаларынан поэзия окушуп, тарыхый инсандарды эскерүү жасашты.  Муну менен катар аталган улуу инсандар боюнча маалыматтар берилип, өмүр баяны, чыгармачылык ишмердүүлүктөрү баяндалды.

Жыйынтыгында, башталгыч класстын педагогикасы жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Токтокан Осекова бүгүнкү иш-чара жогорку деңгээлде өткөнүн жана азыркы жаштардын адабиятка болгон кызыгуусу күчөп баратканын белгилеп, катышуучуларга, уюштуруучуларга  жетекчиликтин атынан ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер