ОшМПУда СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

  • 11.10.2022
  • 0

ОшМПУда СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  факультеттер аралык 1-курстардын ортосунда  спорттун алты түрү боюнча  мелдеш старт алды.

Мелдеш 1-курска жаңыдан келген студенттер арасында мыкты спортчуларды тандап, университеттин курама командаларына кошуу, жаштарды сергек жашоого үндөө, достук мамилени чыңдоо жана спорттуу даңазалоо максатында дене тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.

ОшМПУда СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫМелдеш окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын, уюштуруу тобунун жана студенттердин катышуусунда расмий түрдө ачылуу аземи болуп, гимндин коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүлдү. Андан соң ректор сөзгө чыгып, жалпы катышуучуларды спорт менен жакындан достошууга, мелдештерге активдүү катышууга үндөп, оюндун жүрүшүнө ийгилик каалап өттү. Ошондой эле ректор жаштарга кайрылып, спорттун кандай түрү менен болсо да университеттин намысын коргоп, түрдүү мелдештерде ийгилик жараткан студенттерге өзгөчө көңүл бурулаарын баса белгилеп, аларга ар тараптуу колдоо болоорун билдирди.

ОшМПУда СПОРТТУК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫЖаңыдан студент болуп келген улан-кыздардын бүйүрүн кызыткан бул саамалык атайын жобого ылайык  спорттун волейбол, стол теннис, футбол, тогуз коргоол, шахмат жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча өтөт. Алгач волейбол боюнча факультеттерден куралып чыккан кыздар, балдардын мелдеши башталып, кызуу оюн менен коштолууда.

Иш-чара 18-октябрга чейин уланып, жеңүүчү командалар жана мыкты оюн көрсөткөн студенттер уюштуруу тобунун сыйлыктарына ээ болушат.

Бөлүшүү

Комментарийлер