ОшМПУда “САНАРИП САБАК” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 06.05.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин гуманитардык факультетинде  март айында окутуучулар ортосунда «САНАРИП САБАК» аттуу сынак жарыяланган. Ага факультеттен 10дон ашуун окутуучу катышып, жыйынтыктоочу этабы 4-майда өттү.

ОшМПУда “САНАРИП САБАК” СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Билим берүүнүн мазмуну улам өзгөрүп жаткандыктан учурдагы окутуучулардын алдыңкы тажрыйбаларын, заманбап окутуунун  технологияларын жана методикаларын алып чыгуу үчүн уюштурулган сынак үч этаптан жүргүзүлдү.                                                                                    Ар бир конкурсант программага ылайык ырааттуулугу 60 мүнөттөн ашпаган, үч лекциялык жана үч семинардык, практикалык сабактарын өздүк ютуб канадарына жүктөп, шилтемелерин беришкен.

Даярдалган материалдарды кабылдап, текшерип жыйынтык чыгаруу үчүн атайын эксперттик комиссия түзүлүп, алар алгач конкурска катышуучулардын арызы, резьюмеси жана портфолиосу менен таанышып чыгып, сынактын жеңүүчүсүн аныкташты.

Жыйынтыгында 3-орунду тарых кафедрасынын окутуучусу Ажимаматова Үмүтай ээлеп, электрондук меш менен сыйланды. 2-орунга англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын окутуучусу Наргүл Бекмуратова ээ болуп, телевизор белекке алды. Ал эми баш байгени аталган  кафедранын улук окутуучусу Элиза Рахманова багындырып, муздаткыч менен сыйланды.

Окутуучулардын технологиялык компетенциясын жогорулатуу жана креативдүүлүктү ишке ашыруу максатында өткөрүлүп жаткан бул саамалык окутуучулардын сабак өтүүгө болгон кызыгуусун арттырып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жол ачты.

Бөлүшүү

Комментарийлер