ОшМПУда РЕКТОРЛУК КЫЗМАТКА ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ

  • 16.09.2021
  • 0

Бүгүн, 16-сентябрь Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайдын жетекчилик орунуна шайлоо болуп, жыйынтыгында окуу жайдын баштагы ректору Бекмурза Зулуев кайрадан шайланды.  

ОшМПУда РЕКТОРЛУК КЫЗМАТКА ШАЙЛОО БОЛУП ӨТТҮ

Аталган шайлоо КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу жайдын ректорлук  кызмат орунунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аталган ваканттык орунга шайлоо өткөрүү боюнча чечимдин негизинде уюштурулду.

Шайлоого жалпысынан үч талапкер катталган. Анын экөөсү башка жогорку билим берүү мекемелеринин кызматкери болсо бирөө аталган университеттин баштагы ректору Бекмурза Зулуев жамааттын сунушу менен  талапкерлигин койгон.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй аталган шайлоого университеттин жалпы профессордук окутуучулук курамы шайлоочу катары катышып, өз добуштарын беришти. Жыйынтыгында шайлоочулардын 99% добушуна Зулуев Бекмурза Бекболотович ээ болуп, уюштуруу комитетинин токтому менен министрликке сунушталды.

Белгилей кетсек ОшМПУнун ректорлук кызмат орунунун мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаганына байланыштуу  КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу комитети  түзүлгөн. Комитеттин төрайымы болуп министрликтин  жогорку жана орто кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулмира Абылкасымова дайындалган. Анын жетекчилиги астында атайын отурум өткөрүлүп 24-августа аталган ваканттык орунга расмий турдө жарыя берилген.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер