ОшМПУда МЕКЕН КОРГООЧУЛАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ

  • 22.02.2024
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин аялдар кеңеши жалпы мырзаларды майрамы менен куттукташты.

ОшМПУда МЕКЕН КОРГООЧУЛАРГА АРНАЛГАН МАЙРАМДЫК КЕЧЕ

23-февраль — Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайда айымдар тарабынан концерттик программа тартууланды. Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, агайлар жана студенттер катышты.

Майрамдык кеченин алгачкы бөлүгүндө таланттуу студенттер жана эжейлер тарабынан жагымдуу чыгармалар, обондуу ырлар, бийлер аткарылды. Ошондой эле Кыргызстандын армиясы тууралуу маалымат берилип, армиядагы көз ирмемдерди камтыган сахналык көрүнүштөр аткарылып, агайларга арналган суроо-жооп, автоматты чачуу жана жыйноо сыяктуу оюндар уюштурулуп, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.

Бул менен бирге окуу жайдын өнүгүүсүнө салым кошуп, жигердүү эмгектенип келе жаткан окутуучу агайларга, кызматкерлерге жана окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан үлгүлүү студенттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле университеттин Профсоюз комитетинин төрагасы Алманбет Кошбаевге Ош облустук мергенчилер, балыкчылар коому тарабынан “Эң мыкты көзгө атаар мергенчи” номинациясы ыйгарылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер