ОшМПУда МАНАС ТААНУУ БОЮНЧА АКЫЛ ОРДО ОЮНУ ӨТТҮ

  • 09.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 4-декабрь — “Манас” күнүнө карата Манас таануу багыты боюнча факультеттер аралык интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Жаштарды билим алууга үндөгөн бул таймашка университеттин бардык факультеттеринен бирден команда катышып, өз күчтөрүн сынашты. Оюндун жүрүшү «Манас» бөлүмү, жер-суу аттары, күтүлбөгөн суроо, макал-лакаптар менен коштолуп, катышуучулар кызыктуу маалыматтарды ала алышты.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими жана командалардын алган упайына ылайык 1-орунду музыкалык педагогикалык факультетинин «Чыгаан» командасы, 2-орунду гуманитардык факультетинин «Аруунур» командасы, 3-орунду табият таануу жана география факультетинин «Көкжал» командасы багындырды. Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан жана жеңүүчү аталган командалар уюштуруу тобу тарабынан сыйланып, диплом жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган  иш-чара ОшМПУда өтүп жаткан 12-декабрь — Улуттук адабият күнүнө карата «Күйүттөн үмүткө: Айтматов жана Осмонов» жана 4-декабрь ­ —  «Манас күнүнө» карата жарыяланган жумалыктын алкагында Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер