ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮГӨ БАГЫТТАЛГАН ЭКИ КҮНДҮК СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 23.09.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде жаш окутуучулар, катчы, методист жана лаборант кызматкерлери үчүн иш кагаздарынын жүргүзүлүшү, жазуудагы нормалар жана орфографиялык эрежелер боюнча семинар уюштурулду.

Маалыматка ылайык, окуу жайда мамлекеттик тил күнүнө карата декада жарыяланып,мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган иш-чаралар пландаштырылган. Декаданын алкагында 21-22-сентябрда «Кызматта жарабаса керегине, Кыргызга кыргыз тилдин кереги не» аталышында эки күндүк семинар өткөрүлдү. Семинардын биринчи күнү орфографиялык эрежелер менен тааныштырууга арналып, кепте көп кетирилүүчү каталарды жоюу, сөздөрдүн туура жазылышындагы талаш маселелер талкууланды. Кийинки күнү окуу жайда көп колдонулуучу жана такай аткарылуучу иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнүн эрежелери үйрөтүлдү. Семинарга ОшМПУнун жаш окутуучулары, иш кагаздары менен иштеген кызматкерлери катышты.  Семинарды кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы ф.и.к., доцент Ж. Джумаева өтүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер