ОшМПУда МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА ОН  КҮНДҮК ДЕКАДА СТАРТ  АЛДЫ

  • 21.09.2021
  • 0

23-сентябрь мамлекеттик тилдин кабыл алынган күнүнүн 32 жылдыгына карата Ош мамлкеттик педагогикалык университетинде 10 күндүк декада башталды.

Декаданын алкагында 20-сентябрда окуу жайдын жаш окутуучу, кызматкерлери жана студенттеринин катышуусунда “Сабаттуу бол” акциясы өтүп, анда уюштуруу тобу тарабынан жат жазуу жаздырылды. Маалыматка ылайык жат жазуу саамалыгына катышкандардын жазган иштери адистердин текшерүүсүнөн өтүп, мыкты жазган окутуучулар жана студенттер декаданын жыйынтыгында атайын сыйлыктарга ээ болушат.

Белгилей кетсек, декада университеттин  кыргыз тили жана адабияты кафедрасы тарабынан уюштурулуп, анда “Сабаттуу бол” акциясы, “Иш кагаздардын жазылышы” аттуу семинар, онлайн тест, улуттук-тарыхый көргөзмө, кыргыз кино баяны жана улуттук спорт оюндары сыяктуу иш-чаралар пландалды.

Бөлүшүү

Комментарийлер