ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

  • 14.02.2023
  • 0

 ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

10-февралда  Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде  “Магистранттардын илимий демилгелери” аталышындагы илимий-теориялык конференция болуп өттү.

 ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

Конференцияны окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев ачып,   магистранттардын илимий  изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында жергиликтүү аймактагы окутуу процесстерин,  Түштүк Кыргызстандагы  тарыхый инсандар боюнча актуалдуу темаларды изилдөөгө   чакырды.   Магистратурада мобилдүүлүк  боюнча  илимий  изилдөө иштерин  тажрыйба  алмаштыруу менен эл аралык стратегиялык кызматташууну өнүктүрүү  жагын белгилеп, конференциянын катышуучуларына ийгиликтерди каалады.

Иш-чара университеттин  аспирантура жана магистратура бөлүмү тарабынан уюштурулуп, алгач  пленардык жыйында магистрдик программанын багыттары боюнча илимий баяндамалар жасалды. Андан соң ар бир багыт боюнча секциялык иштерге бөлүнүп, өз макалаларын окушту.

 ОшМПУда МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ

Жыйынтыгында конференциянын катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга серитификаттар тапшырылды. Бул менен бирге магистранттардын 150дөн  ашуун илимий макалалары,  баяндамалары,   изилдөө  иштеринин натыйжалары  ОшМПУнун Жарчысы  илимий журналына басылмадан чыгарылып берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер