ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ

  • 28.02.2023
  • 0

ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучу агайлар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча  мелдеш өттү.

Мелдеш 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден-соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.

Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен  жобого ылайын төрт тайпага бөлүнүп мелдешишти. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн  экиден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Чейрек финалда сегиз оюнчунун ичинен жеңүүчү болуп төрт оюнчу жарым финалга чыкты.

Жыйынтыгында чемпионаттын баш байгесин Колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Самат Кадыров багындырып, диплом жана он миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми 2-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Мирлан Кадыров, 3-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Жакыпжан Мамажанов жана 4-орунду ушул эле кафедранын окутуучусу Данияр Осмоналиев ээлеп,  жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер