ОшМПУда БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН 5-ОБЛУСТУК СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 13.05.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Ош шаарындагы окуу жайлардын кызматкерлеринин  жазгы спартакиадасы болуп өттү.

ОшМПУда БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН 5-ОБЛУСТУК СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ

Саамалык Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан уюштурулуп, ага 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку курактагы кызматкерлер катышышты. Мында спорттун волейбол, шахмат, стол тенниси, ордо, тогуз коргоол, мини футбол жана стритбол деп аталган жалпы 7 түрү боюнча мелдеш жүрүп, катышуучу командалар өзгөчө формада жана мыкты даярдыкта оюн көрсөтүштү.

Аталган иш-чара билим, илим кызматкерлеринин арасында спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана республикалык спартакиадага катышуу үчүн облустун курама командасына тандоо максатында быйыл 5-ирет облустук деңгээлде өткөрүлдү.

Жыйынтыгында байгелүү орунга чыккан командалар жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучулар уюштуруу тобу тарабынан диплом, кубок жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бөлүшүү

Комментарийлер