ОшМПУда БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.06.2023
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата атайын оюн-зоок программасы уюштурулду.ОшМПУда БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Саамалыкка университеттин окутуучуларынын жана жалпы кызматкерлеринин балдары катышып, өзгөчө маанайдагы программага күбө болушту.

Иш-чараны университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып, алгач бул күндүн тарыхына кыскача токтолуп жана жашообуздун жандуу гүлдөрү болгон жаш бөбөктөрдү майрамы менен кызуу куттуктады.

Окуу жайдын аянтында сүрөт тартып, оюндарды ойногон балдарга түрдүү белектер тартууланды. Ошондой эле чабарман аксакал жаныбарлар тобу менен жаш балдардын көңүлүн көтөрүп, алар менен бирге бийлеп, майрамдык шаңдуу маанай жаратты.ОшМПУда БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Соңунда бардык балдарга жана ата-энелерге балмуздак таратылып, майрамдык программа жогорку маанайда жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек аталган саамалык окуу жайдын жетекчилиги жана профсоюз комитети тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер