ОШМПУДА АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН АЛГАЧКЫ ОТУРУМУ ӨТТҮ

  • 06.10.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Аялдар кеңеши 1-курстун студент кыздары менен жолугушту.

Бул ирет жолугушуу аталган кеңешменин төрайымы Жамиля Усубалиева тарабынан уюштурулуп, ага факультеттердин Аялдар кеңешинин төрайым эжекелери жана студенттер катышты.

Алгач төрайым кыздардын интеллектуалдык өсүүсүнө, этикасына, тарбиясына таасир берүүчү бир жылдык  иш-чаралардын планы менен тааныштырып өттү. Андан соң ар бир факультеттин төрайымдары жана алдыдагы пландары жөнүндө маалымат берип,  сунуш-пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты кыздар менен баарлашуу, алардын сунуштарын угуу менен алдыда  майрам  күндөргө карата маданий иш-чараларды  жана белгилүү инсандар менен жолугушууларды уюштуруу болуп саналат.

Алгачкы отурумда  ушуга байланыштуу бардык маселелер талкууланып, бир  жылдык планга дагы бир  топ сунуштар киргизилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер