ОшМПУда АГАЙЛАР ОРТОСУНДА БИЛЬЯРД ЧЕМПИОНАТЫ ӨТТҮ

  • 28.02.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучу агайлар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча  мелдеш өттү.

Мелдеш 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.

Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.

Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен  жобого ылайын 4 тайпага бөлүнүп ойношту. Ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн  экиден оюнчу чейрек финалга жолдомо алды. Чейрек финалда сегиз оюнчунун ичинен жеңүүчү болуп төрт оюнчу жарым финалга чыгып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мыкты чеберчиликтеги беттешүүнү тартуулашты.

Жыйынтыгында финалдык бөлүктө ат салышкан дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиев жеңүүчү болуп, баш байгени, ал эми  тарых кафедрасынын ага окутуучусу, ОшМПУнун юристи Талант Кармышаков 1-орунду камсыздады. 2-орунду дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Жолдошбек Кадымаев ээлесе, 3-орунду кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Сейит Исираев багындырып, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар уюштуруу тобу тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана диплом, кубок менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер