ОшМПУ ТАТАРСТАНДЫН ЖОЖДОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 02.02.2022
  • 0

13-20-январда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин делегациясы Казань федералдык университетинде жумушчу сапары менен болуп келди.  

Иш сапардын алкагында окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана Тышкы байланыштар департаментинин жетекчиси Турсун Субанов алгач КФУнун институттары, андагы материалдык база менен таанышып, окуу жайдын окутуучулары, илимий кызматкерлери менен жакындан баарлашып, пикир-алышты. Андан соң делегация  КФУнун ректорунун милдетин аткаруучу Дмитрий Таюрский менен жолугушуп, эки тараптуу билим берүү кызматташтыгын арттыруу багытында бир топ маселелерди талкуулашты. Дмитрий Таюрский КФУнун Кыргызстандагы ЖОЖдор менен кызматташтыгынын пайдубалы 2019-жылдын жаз айларында, Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында түптөлгөнүн белгилеп, мындан ары бул алаканы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.  Ал эми Бекмурза Зулуев КФУнун эмгек жамаатынын ишмердүүлүгү мыкты, тажрыйбасы мол экенин эске алуу менен ОшМПУнун окутуучуларынын билимин жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн өз тажрыйбалары менен бөлүшөрүнө ишеним көрсөтүп, жетекчилигине жооп иретинде иш сапары менен окуу жайга келип кетүүгө чакырды. Ошондой эле Дмитрий Таюрский мындай иш сапардын масштабын кеңейтүүнү жана биргелешкен конференция өткөрүүнү сунуштады. Анын алкагында ушул жылы Казань шаарында өтө турган “21-кылымдагы мугалимдин билим берүү, кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана ден соолугун сактоо” VIII Эл аралык мугалимдердин билим берүү форумуна байланыштуу иш-чараларга биргеликте катышуу максаттуу аракет болоорун баса белгиледи.

17-январда университеттин ректорлор залында меморандумга кол коюу аземи болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада окуу жайлар тажрыйба алмашууга, ошондой эле мугалимдердин билим берүү тармагында адистерди даярдоо боюнча биргелешкен программаларды ишке киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйындын соңунда Дмитрий Таюрский жана Б. Зулуев мугалимдердин билимин жогорулатуу жана илимий-изилдөө иштери жаатында ЖОЖдор аралык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 19-октябрында ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев КФУнун өкүлдөрүн кабыл алып, бирге кызматташуу  келишимине кол коюшкан.

Бөлүшүү

Комментарийлер