ОШМПУ МЕНЕН БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ

  • 23.12.2022
  • 0

23-декабрда Ош мамлекеттик педагогикалык университетине Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов иш сапары менен келди.  

ОШМПУ МЕНЕН БГПУ ЖАҢЫ КЫЗМАТТАШУУГА КОЛ КОЙДУ

Салават Сагитов өз сөзүндө Кыргызстандын ЖОЖдору менен алака түзүп, кызматташуу максаты күч экенин белгиледи. Бул менен бирге БГПУ жана андагы кыргыз-англис борбору тууралуу маалыматтарды айтып, студенттерди, магистрлерди билим алууга чакырып, билим берүү айдыңында байланыш жүргүзүүнү сунуштады. Кыргыз жана башкыр тилдери котормосуз түшүнүктүү болгондуктан, баарлашуу жогорку маанайда коштолуп, окуу жайлар алдыда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, натыйжалуу иштерди аткарууга белсенип, жыйынтыгында ректорлор эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ»

Бөлүшүү

Комментарийлер