КЕЛЕЧЕГИҢЕ ИШЕНИМДҮҮ КАДАМ– ОшТУ МЕНЕН БАШТАЛАТ!
- 22.05.2025
- 0
М.М. АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ 2025-2026-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУ ЖАРЫЯЛАЙТ
Жанболот Турсунбаев,
ОшТУнун ректору, профессор
Туура кесип – татыктуу келечек!
ОшТУ – билимге, карьерага жана дүйнөгө эшик ачуучу жол!
Урматтуу бүтүрүүчү!
Бүгүнкү атаандаштыкка толгон заманда сапаттуу билим жана туура кесип тандоо ийгиликтүү келечектин негизин түзөт. Ош технологиялык университети (ОшТУ) — 60 жылдан ашуун тарыхы бар, эл аралык деңгээлде таанылган, заманбап адистиктерге багытталган Кыргызстандын алдыңкы окуу жайларынын бири.
ОшТУ энергетика, автотранспорт, курулуш, архитектура, маалыматтык технологиялар, экономика, экология, кибернетика сыяктуу тармактар боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт. Университет эл аралык программалар менен тыгыз иш алып барып, студенттерди чет өлкөлөрдө билим алууга, тажрыйба топтоого жана стажировка өтүүгө багыттайт. Европада, Азияда жана КМШ мамлекеттеринде өнөктөш университеттер менен кызматташтык ийгиликтүү жүргүзүлүп келет.
Студенттер үчүн мүмкүнчүлүктөр:
- Чет элдик окуу жайларда окуп, кош диплом алуу;
- Түштүк Корея жана башка өнүккөн өлкөлөрдө иштөөгө жол ачуу;
- Акысыз тил курстары (англис, кытай, корей ж.б.);
- Заманбап жатакана, интернет, китепкана жана спорттук залдар;
- Илимий долбоорлорго, олимпиадаларга жана конференцияларга катышуу;
- Магистратура жана аспирантурада (PHD) окуу мүмкүнчүлүгү.
ОшТУда 500гө жакын тажрыйбалуу окутуучулар, анын ичинде илим докторлору, академиктер жана эл аралык тажрыйбасы бар адистер эмгектенет. Бүтүрүүчүлөрү өлкөбүздүн жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы мекемелеринде, мамлекеттик жана жеке секторлордо ийгиликтүү эмгектенип келишет.
АРХИТЕКТУРА ЖАНА КУРУЛУШ ИНСТИТУТУ
Багыты – 750500 Курулуш (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 750100 Архитектура (Негизги тест, чыгармачылык сынак)
Багыты – 750200 Архитектуралык чөйрөнүн дизайны (Негизги тест, чыгармачылык сынак)
Багыты – 570400 Дизайн (ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)
ЭКОНОМИКА ЖАНА БАШКАРУУ ИНСТИТУТУ
Багыты – 710500 Интернет технологиялар жана башкаруу (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 540200 Социалдык иш (Негизги тест)
Багыты – 580100 Экономика (Негизги тест, математика)
Адистик – 520001 Тармактык экономика (Негизги тест, математика)
Багыты – 580600 Логистика (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 580200 Менеджмент (Негизги тест, математика)
Багыты – 531500 Аймак таануу (Негизги тест, англис тили же тарых)
Багыты – 530800 Эл аралык мамилелер (Негизги тест, англис тили же тарых)
Багыты – 710300 Колдонмо информатика (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 580500 Бизнес-информатика (Негизги тест, математика)
Багыты – 580700 Бизнес башкаруу (Негизги тест, математика)
ИННОВАЦИЯЛЫК МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ИНСТИТУТУ
Багыты – 710300 Колдонмо информатика (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 590100 Маалымат коопсуздугу (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 710100 Информатика жана эсептөө техникасы (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 710400 Программалык инженерия (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 690300 Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 710200 Маалымат системалары жана технологиялары (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 700500 Мехатроника жана робототехника (Негизги тест, математика же физика)
- ИНДУСТРИАЛДЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУБагыты – 550800 Кесиптик билим берүү (Негизги тест)Багыты – 550500 Технологиялык билим берүү (Негизги тест)Адистик – 570021 Интерьер жана жабдуулар (ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)
Багыты – 510200 Колдонмо математика жана информатика (Негизги тест, математика же физика)
Адистик – 530003 Котормо жана котормо таануу (Негизги тест, англис тили)
Багыты – 531100 Лингвистика (Негизги тест, англис тили)
Багыты – 710600 Компьютердик лингвистика (Негизги тест, англис тили)
ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ЖАРАТЫЛЫШТЫ ПАЙДАЛАНУУ ИНСТИТУТУ
Багыты – 760300 Техносфералык коопсуздук (Негизги тест, математика же физика)
Адистик – 630001 Колдонмо геология (Негизги тест)
Багыты – 520800 Экология жана жаратылышты пайдалануу (Негизги тест)
Багыты – 730100 Токой иштери жана ландшафтык курулуш (Негизги тест)
Багыты – 740700 Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо (Негизги тест, физика же химия)
Багыты – 570700 Костюм жана текстиль искусствосу (Негизги тест, чыгармачылык сынак)
Профили: — Кийимди көркөмдөп долбоорлоо
Адистик – 570020 Дизайн (ЖРТ талап кылынбайт, чыгармачылык сынак)
Багыты – 720200 Биотехнология (Негизги тест, химия же биология)
Багыты – 720100 Химиялык технология (Негизги тест, химия же биология)
Багыты – 740100 Өсүмдүк азыктарынан алынган тамак-аш азыктарынын технологиясы (Негизги тест, химия же биология)
Багыты – 610600 Айыл-чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы (Негизги тест)
ИЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ ИНСТИТУТУ
Багыты – 670300 Транспорттук процесстердин технологиясы (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 670200 Унаа-технологиялык машиналарды жана комплекстерди иштетүү (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 650300 Машина куруу (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 640200 Электр энергетикасы жана электр техникасы (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 640100 Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы (Негизги тест, математика же физика)
Багыты – 610300 Агроинженерия (Негизги тест)
Гуманитардык-технологиялык колледжи
- Башталгыч класстарда окутуу (квалификациясы – башталгыч класстын мугалими);
- Котормо иши (квалификациясы — котормочу);
- Социалдык иш (квалификациясы – социалдык кызматкер);
- Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу (квалификациясы — юрист);
- Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)(квалификациясы-бухгалтер);
- Финансы (тармактар боюнча) (квалификациясы — финансист);
- Менеджмент (тармактар боюнча) (квалификациясы — менеджер);
- Статистика (квалификациясы — экономист);
- Байланыш тарамдары жана коммутациялык системалар (квалификациясы — техник);
- Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо (квалификациясы – техник-программист);
- Колдонмо информатика (тармактар боюнча) (квалификациясы – техник-программист);
- Компьютердик системалар жана комплекстер(тармактар боюнча) (квалификациясы –компьютердик системалар боюнча техник);
- Компьютердик системаларда программалоо (квалификациясы – техник-программист);
- Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) (квалификациясы -техник);
- Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы (квалификациясы –модельер-конструктор);
- Дизайн (тармактар боюнча)(квалификациясы –дизайнер);
- Ачык тоо-кен иштери (квалификациясы – тоо-кен техник-технологу);
- Өзгөчө кырдаалдарда коргонуу (квалификациясы – техник);
- Мунай менен газды кайра иштетүү (квалификациясы – техник-технолог);
- Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы (квалификациясы — технолог);
- Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча) (квалификациясы — техник-электрик);
- Электр станциялары, тармактар жана системалар (квалификациясы – техник-электрик);
- Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу (квалификациясы — техник-электрик);
- Электр берүү линияларын куроо жана эксплуатациялоо (квалификациясы –техник-электркуроочу);
- Инженердик курулуштарды куруу жана пайдалануу (квалификациясы — техник);
- Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы — техник);
- Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо (квалификациясы – техник);
- Архитектура (квалификациясы — техник);
- Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (квалификациясы — техник);
- Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (квалификациясы — техник);
Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (квалификациясы – техник-электр-механик);
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту
Шифр Адистиктер Күндүзгү Сырттан 230109
Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо +
—
140212 Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) + + 050704 Мектепке чейинки билим берүү + + 050709 Башталгыч класстарда окутуу + + 080106 Финансы (тармактар боюнча) + + 080110 Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча) +
+
030503 Укук таануу + + КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ КУРСТАР
БОЮНЧА ДАЯРДОООкууга өткөн абитуриенттерге окуп жаткан адис-тигине карабастан контракттык негизде төмөндө көрсөтүлгөн кыска мөөнөттүү курстардан окуп, мамлекеттик эмес үлгүдөгү дипломго, сертификатка ээ болуусуна шарт түзүлгөн (лицензия №Е16000491, LE50000774, LE180001173, КР ББжИМ):
— Компьютердик сабаттуулук (окуу мөөнөтү 2 ай).
— Чачтарач иши (окуу мөөнөтү 2 ай).
— Орус тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).
— Англис тили (окуу мөөнөтү 1 жылга чейин).
— Ветеринардык санитар (окуу мөөнөтү 2 ай).
— Электр ширетүүчү (окуу мөөнөтү 2 ай).
— От жагуучу (окуу мөөнөтү 2 ай).
— Кулинария (окуу мөөнөтү 2 ай).
ОшТУга тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:
- ЖРТнын сертификаты (түп нускасы);
- Аттестат же диплом (түп нускасы);
- Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк (көчүрмө);
- Сүрөт 3х4 (8 даана);
- Аскердик билет же каттоо күбөлүгү (көчүрмө);
- Ата-энесинин паспорту (көчүрмө).
Биздин дарек:
Ош шаары, Н.Исанов көчөсү, 81.
Байланыш маалыматтары:
Телефондор: (+996) 777 00-76-45;
(+996) 779 32-15-41;
(+996) 773 15-83-15;
ОшТУнун сайты: www.oshtu.kg
Комментарийлер