ОШМПУ ELTE УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 15.02.2023
  • 0

ОШМПУ ELTE УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен Венгриянын ELTE (Eötvös Loránd University) университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Маалыматка ылайык, аталган университеттин жетекчилиги менен ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуевдин жолугушуусу болуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу бир нече пландар талкууланды. Анын натыйжасында эки тараптын жетекчилери билим берүү жаатындагы эл аралык мамилени чыңдоо, тажрыйба алмашуу, студенттерди окууга жөнөтүү багытында кызматтык келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, КР Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапарынын алкагында Венгер — Кыргыз университеттеринин ректорлорунун эл аралык форуму өттү. Ага КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдун жетектөөсүндө Кыргызстандагы 18 ЖОЖдун ректорлору катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер