ОШМПУ — БУРАНА КОЛЛЕДЖИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН БИРГЕ ИШКЕ АШЫРАТ

  • 14.12.2021
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университети ONLINE UNIVERSITY жана BURANA STEAM COLLEGE менен жаңы келишимдерди түздү.

Бүгүн университеттин ректору профессор Бекмурза Зулуев жана Burana STEAM колледжинин директору   PhD доктор Элира Турдубаева менен жолугушуп, мындан ары бирге кызматташууну жолго коюшту.

ОШМПУ - БУРАНА КОЛЛЕДЖИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫН БИРГЕ ИШКЕ АШЫРАТ

Жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасы менен январь айында магистрлер, аспиранттар жана окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өтүү пландалды. Мында окутуунун жаңы технологиялары, кызыктуу сабак өтүүнүн заманбап ыкмалары, онлайн симуляциондук лабораториялар жана кыргыз тили А, В, С деңгээлдери окутулат. Бул менен бирге илимий иш (диссертация) жазуу ыкмалары да тереңделип үйрөтүлөт. Кыргыз адабиятында сынчыл ой жүгүртүү, Манас таануу сабагын интерактивдүү усулдарды колдонуу менен заманбап өтүү жолдору сунушталат.

ОшМПУ жана Burana STEAM колледжинин бирге кызматташуусунун натыйжасында өлкөбүздөгү алыскы аймактардагы мектеп мугалимдеринин билимдерин өркүндөтүү иштери да жүргүзүлүп, заманбап билим берүү ыкмалары жолго коюлат.

Ошондой эле Burana STEAM колледжи аркылуу атайын долбоордун негизинде окуу жайдын табигый билим берүү багыты боюнча химия, биология, география  адистиктери үчүн лабораторияларык каражаттарды алуу пландалды.

Online university мугалимдер үчүн  “Илимий изилдөө усулдары” жана “Онлайн окутуу технологиялары, ресурстары жана платформалары” жаңы усулдук колдонмо китептерин кыргыз тилинде чыгарышкан. Учурда окутуучулар үчүн дагы бир канча кыргызча китептерди басып чыгарууга беришет.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер