ОШМПУ БАТКЕНДЕ ҮЙҮ КҮЙГӨН СТУДЕНТТЕРИНИН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ ЖАРДАМ БЕРДИ
- 25.10.2022
- 0
Сентябрь айында Баткенге тажиктердин кол салуусунан улам үй-жайсыз калган, социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө жана үйү күйгөн ОшМПУнун студенттеринин ата-энелерине Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек жамааты жана студенттери тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Окуу жайдан кабарлашкандай, жабыр тарткандарга көмөк көрсөтүү үчүн окутуучулар жана студенттер тарабынан акча каражаты чогултулган. Атайын комиссиянын чечими менен чогулган каражаттан студенттердин ата-энелерине 20 миң сомдон, турмуш-шарты оор, ден соолугунан улам дарыланууга муктаж болгон, кол салуудан жоготууга учурагандарга 10 миң сомдон таратылды. Бул менен бирге кийим-кечелер да жеткирилди.
- Белгилей кетсек, университетте Баткенди колдоо штабынын алдындагы кайрымдуулук фондго эмгек жамааттан жана студенттерден төрт жүз миңге жакын акча каражаты жана кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик каражаттары жыйналган. Мында чогулган гуманитардык жардамдар жана акча каражатынын 45% Баткенден эвакуацияланып ОшМПУнун жатаканасына жайгашкан 120 жарандын күнүмдүк тамак-аш, кийим-кече ж.б. керектөөлөрүнө жумшалып, андан ашканы аталган үй-бүлөлөргө таратылды. Мындан сырткары окуу жайдын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы жамааттын макулдугу менен Баткенди өнүктүрүү фондуна чегерилген, — дейт маалымат кызматынын башчысы Кубанычбек Жылкычыев.
Бөлүшүү
Комментарийлер