ОшМПУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЮШТУРДУ

  • 16.11.2022
  • 0

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин квалификация жогорулатуу бөлүмү 31-октябрдан 12-ноябрга чейин мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары үчүн курстарды өткөрдү.

ОшМПУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЮШТУРДУ

Бала бакчалардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу үчүн университеттин мугалимдери балдар менен иштөөнүн инновациялык, визуалдык ыкмалары, ата-энелер менен өнөктөштүктүн эрежелери, балдардын ой-чабытын, дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн көргөзмөлөрдү, бурчтарды уюштуруу жана ар кандай көрсөтмө куралдарды жасоо ыкмалары боюнча сабактарды өткөрүштү.

ОшМПУ БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ТАРБИЯЧЫЛАРЫНЫН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСТАРЫН УЮШТУРДУОкутуунун жыйынтыгы боюнча катышуучуларга 72 сааттык окуу курсун ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттар берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер