ОШМПУ БАЛА БАКЧА АЧТЫ
- 30.08.2024
- 0
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин алдында ачылган “Бөбөктай” бала бакчасына бир жарым жаштан жети жашка чейинки бөбөктөр кабыл алынат.
Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Айжамал Калмырзаеванын айтымында, учурда 80 бала катталып, 1-сентябрдан баштап келүүгө даяр.
— Бизде өнүктүрүү программасы СТЕАМ ыкмасына, Монтессори педагогикасына, көп тилдүүлүккө басым жасалат. Балдарга үч маал витаминдүү тамак-аштар берилет, — дейт.
Андан тышкары, бала бакчада балдардын жеке көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн шахмат оюндары, хореография, логопед, фликтоп ийримдери ж.б. заман талабына шайкеш ыкмалары колдонулат.
360 орундуу бала бакчага бардык каалоочулардын балдары кабыл алынат, ошол эле учурда университеттин кызматкерлеринин балдарына 10-20% жеңилдик берилет.
22 жыл педагогикалык стажы бар Айжамал Калмырзаеванын эмгек жамааты мектепке чейинки билим берүүдө тажрыйбасы бар адистер менен толукталган.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер