ОшМПУ АЛЫСКЫ РАЙОНДОРДОГУ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН АЛАКАСЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

  • 08.12.2021
  • 0
ОшМПУ АЛЫСКЫ РАЙОНДОРДОГУ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН АЛАКАСЫН БЕКЕМДӨӨДӨ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана ЖОЖго чейинки даярдоо бөлүмүнүн кезектеги сапары Баткен облусунда болду.

Мында Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун жана Баткен шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери, Баткен районунун директорлору менен жолугушуу болуп, мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу менен мектеп окуучуларын ЖРТга даярдоого келишимдери түзүлдү.

Келишимге ылайык, мындан ары аталган аймактагы мугалимдерге окуу жай тарабынан көчмө семинарлар  жана чейрек аягындагы дем алыш учурларында университеттин өзүндө масстер класс, тренингдер уюштурула турган болду. Мындан тышкары бүтүрүүчү класстын окуучуларын ЖРТга даярдоо боюнча да бир топ пландар түзүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы билим берүү башкармалыктарынын жетекчилери  Ош мамлекеттик педагогикалык университети мектептеги көйгөйдү жакшы билип, чыныгы педагогдорду даярдаган жогорку окуу жай катары үзгүлтүксүз иш алып барууга кызыктар экенин билдиришип, келечек муун үчүн биргеликте билим берүүнү алга сүрөө үчүн кандай гана аракеттер болбосун колдоорун белгилешти. Ошону менен катар университеттин мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ушул убакытка чейин мугалимдер менен тыгыз иштешип, алардын билимин жогорулатууга салым кошуп келе жаткандыгы үчүн бөлүмдүн жетекчиси Жыпаргүл Шербаеванын эмгеги баса белгиленип, бөлүмгө ыраазычылык айтылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер