ОШТОГУ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ

  • 04.09.2026

4-сентябрда Ош шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө” аталышындагы улуттук педагогикалык форумдун кезектеги регионалдык этабы болуп өттү. Бул масштабдуу иш-чарага Ош облусунун билим берүү тармагынан 300гө жакын өкүл, анын ичинде райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана алдыңкы педагогдор катышты. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана ага караштуу мекемелердин өкүлдөрү да келип, мугалимдер менен түз баарлашты. ОШТОГУ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ

Форумдун жүрүшүндө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, өзгөчө 12 жылдык билим берүү системасынын өзгөчөлүктөрү жана башталган жаңы окуу жылында күтүлүп жаткан негизги өзгөрүүлөр тууралуу кеңири маалымат берилди. Мындан сырткары, катышуучуларга мектепке чейинки, жалпы, кошумча жана кесиптик билим берүү багыттарындагы жаңылануулар, окуу программалары менен мамлекеттик стандарттар, ошондой эле мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өстүрүү маселелери тааныштырылды. Билим сапатын жогорулатуу багытында аткарылып жаткан иштерге өзгөчө басым жасалды.

ОШТОГУ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ

Иш-чаранын алкагында атайын секциялык жыйындар уюштурулуп, катышуучулар билим берүүдөгү эң актуалдуу маселелерди ортого салышты. Агартуучулар тармактын адистерине өздөрүн кызыктырган жана түйшөлткөн суроолорду узатып, аларга тиешелүү жоопторду жана так түшүндүрмөлөрдү ала алышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү