ОШ ШААРЫНЫН ЖАШТАРЫ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШТИ

  • 13.12.2017
  • 0

12-декабрда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө жана Адабият күнүнө карата республикадагы бардык жогорку окуу жайларда иш-чаралар өткөрүлүп, алдын ала жарыяланган жумалыктар жыйынтыкталды.

ОШ ШААРЫНЫН ЖАШТАРЫ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРИШТИБул күнү Ош гуманитардык-педагогикалык институту “Айтматов ааламы” аттуу саамалык өткөрүп, Ош шаарында уюштурулган Айтматов жумалыгына активдүү катышкан мектептер жана студенттер Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Оштогу бөлүмү тарабынан сыйланышты. Мындан тышкары ОГПИде өткөн Айтматов таануу жумалыгынын жыйынтыгы да чыгарылып, анда уюштурулган конкурстардын жеңүүчүлөрү атайын диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Иш-чарада Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын жана ЖОЖдордун таланттуу студенттеринин аткаруусунда Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу түрдүү сахналык көрүнүштөр жана обондуу ырлар тартууланып, жазуучуга  арналган чыгармалар окулду.

Аталган окуу жайда бир жума бою студенттер үчүн Айтматов таануу жумалыгы өткөрүлүп, анда жазуучунун чыгармалары боюнча кино-баян, китеп окуу, сүрөт тартуу сынактары жана факультеттер аралык “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну уюштурулуп, тайпаларда ачык сааттар өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер