ОШ ШААРЫНЫН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ БУУнун ТРИБУНАСЫНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ
- 24.09.2026
- 0
Ош шаарынын бүтүрүүчүсү Өмүрбеков Баймырза Толкунович өзүнүн билими, аракети жана эмгеги менен Америка Кошмо Штаттарындагы Принстон университетине толук гранттык негизде кабыл алынган.

Маалыматка таянсак, Баймырза окуу учурунда жогорку жетишкендиктерди көрсөтүп, университетти ийгиликтүү аяктоо алдында турат.
Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын жаштарынын атынан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) бийик трибунасында сөз сүйлөп, жаштардын үнүн дүйнөлүк деңгээлде жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Өзүнүн билими жана эмгеги менен эл аралык деңгээлде ийгилик жаратып жаткан Баймырза — Ош шаарынын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрдүн бири.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Баймырзаны бул жетишкендиги менен куттуктап, алдыдагы окуусуна жана ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт!
Билим — чоң мүмкүнчүлүктөрдүн башаты.
Г.А., “КБ”